22-июлга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32, Таласта +26…+31, Ысык-Көлдө +25…+27, Нарын регионунда +21…+26 градус болуп ысыйт.
Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +28…+30, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска жетет.