Президент Садыр Жапаровдун мал чарбачылыгында сандан сапатка өтүү боюнча тапшырмасынын алкагында ата мекендик селекциянын маанилүү жетишкендиги болгон «Кыргыз ак топозу» жаңы породасы расмий катталды. Бул кыргыз мал чарбачылыгынын тарыхындагы өзгөчө окуя болуп, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, легендарлуу селекционер Таштанбек Акматов негиздеген көп жылдык селекциялык иштин ийгиликтүү жыйынтыгы болуп саналат.
Жаңы породаны мамлекеттик каттоого алуу тууралуу буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков кол койду. «Кыргыз ак топозунун» расмий таанылышы өлкөнүн асыл тукум чарбачылыгын өнүктүрүүдө, улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо жана мал чарбачылыгын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууда маанилүү кадам болуп калды.

