Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаарындагы почта бөлүмдөрүнүн биринен 46 жана 37 жаштагы эки киши маңзат соодасына шектелип кармалган. Алар зыяндуу бул затты кесменин идишине салынган идиш менен алмак болушкан.
Шектүүлөрдүн жанынан 7 килограмм 560 грамм марихуана табылган.
Милициядан товардын көмүскө базардагы баасы 400 миң доллардын тегерегинде турарын билдиришти. Тергөөнүн жүрүшүндө алар баңгизатты Таиланддан буюртма кылып, Казакстанга сатмак болушканын айтышкан.
Милиция тергөө уланып, маңзат соода каналын уюштурууга катышы бар башка жарандар изделип жатканын билдирди.
Ыкчам ишти ИИМдин кызматкерлери менен «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн.

