Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Талас региондук башкармалыгына Талас облусундагы KVS кооперативинин жетекчиси Кулмырзаев Атыкан кайрылып, кооперативдин мүчөлөрү өстүргөн ашкабакта куурап калуу жана тамыр чириги оорулары байкалганын маалымдаган.
Адистер жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өсүмдүктөрдү коргоодо биологиялык каражат катары «Триходермин» препаратын колдонууну сунушташты.
Натыйжада «Триходермин» колдонулгандан кийин өсүмдүктөрдүн абалы жакшырып, оорунун жайылышы токтоп, ашкабактын өсүшү калыбына келе баштады.
Бул тажрыйба «Триходермин» препараты тамыр чириги ооруларына каршы натыйжалуу биологиялык каражат экенин дагы бир жолу тастыктады.
Талас региондук башкармалыгы дыйкандарды жана кооператив мүчөлөрүн өсүмдүктөрдү коргоодо экологиялык жактан коопсуз биологиялык каражаттарды кеңири колдонууга чакырат.

