Мэр Айбек Жунушалиев базардын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугушуп, алдыдагы реконструкция иштерин талкуулады. Ишкерлерге базардын жанындагы жаңы соода жайларына көчүү сунушталды.
Мэр реконструкция шаарды көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү максатында жүргүзүлөрүн белгилеп, ишкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары сакталууга тийиш экенин айтты.

