Чүйдө «Чүй-Өнөктөштүк–2026» антитеррордук машыгуусу өттү


Мамлекеттик маанидеги ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү алдында тартылган мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жана координациясын камсыз кылуу максатында, УКМКнын Антитеррордук борбору жана УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы биргелешип Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы Жайыл-Баатыр атындагы орто мектептин аймагында «Чүй-Өнөктөштүк–2026» антитеррордук машыгуусун уюштуруп, өткөрүштү.

Иш-чарага  УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А. Т. Эрбаев УКМКнын Кырдаалдык борборунан ишке ашырды.

Сценарийге ылайык, шарттуу куралдуу террордук топ мектептин имаратын басып алып, билим берүү мекемесинин кызматкерлерин барымтага кармап турушкан.

Дүрбөлөң сигналы түшкөндөн кийин укук коргоо органдарынын бөлүмдөрү ыкчам түрдө көтөрүлүп, аймактык оперативдик штаб түзүлүп, антитеррордук операция уюштурулган. Машыгуунун жүрүшүндө объектти курчоого алуу, барымтадагыларды бошотуу, атайын бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттер чагылдырылды.

Иш-чарага УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, УКМК АТБнын «Альфа» атайын багыттагы бөлүгү, Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Куралдуу Күчтөрдүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.

Ошондой эле машыгууга заманбап техникалык каражаттар, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттар, бронетехника, миналарды аныктоо жана зыянсыздандыруу боюнча атайын техника, Ми-8МТВ вертолету, атайын автотранспорт жана куткаруу техникалары тартылды.

Машыгуунун жыйынтыгында шарттуу түрдө барымтага алынгандардын баары ийгиликтүү бошотулуп, коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылды.

Иш-чаранын негизги максаты — террордук коркунучтарга чара көрүүдө мамлекеттик органдардын жана атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү, өздүк курамдын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле калктын жана социалдык инфраструктура объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча практикалык иш-аракеттерди бышыктоо болду.

Бул машыгуу террордук мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын баалоого мүмкүндүк берди. Ошондой эле ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатып, террордук коркунучтарды өз убагында алдын алууга жана бөгөт коюуга мамлекеттик органдардын даярдыгын чыңдады.