Көз айнек камера аркылуу айлана-чөйрөнү таанып, алдындагы тоскоолдуктарды, буюмдарды жана тексттерди үн аркылуу айтып берет. Ошондой эле интернетсиз да иштей алат.
Долбоордун командасы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугуп, ага көз айнектин кандай иштерин көрсөтүп беришти.
Алардын айтымында, EyeSens чет өлкөлүк окшош түзмөктөргө караганда кыйла арзан жана кыргыз, орус тилдерине ылайыкташтырылган.

