Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарыхый-маданий мурас объектилерин мамлекеттик реестрлерден чыгарууга, бузууга жана коргоо аймактарында башаламан курулуш жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин маалыматына караганда, айрым эстеликтер авариялык абалда же тарыхый баалуулугун жоготкон деген жүйө менен тизмеден чыгарылып, ордуна коммерциялык объектилер курулууда. Мораторий мурас объектилерин толук инвентаризациялоого, коргоо аймактарынын чек араларын тактоого жана эстеликтерди коргоону күчөтүүгө шарт түзөт.

