Бишкекте чет өлкөлүктөр үчүн жасалма визалар схемасынын бети ачылды


Укук коргоо кызматкерлери жасалма жумушчу жана окуу визаларын даярдап, сатууга шектелген жаранды кармашты. Тергөө версиясы боюнча, ал ар бир кардардан документ даярдоо үчүн 1 миң доллардан алган.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмыштуу схема аркылуу Кыргызстанга кеминде 200 адам мыйзамсыз кирип, 30дан ашуун чет өлкөлүк өлкөдө мыйзамсыз жүргөн. Кармалган адамдын бут кийиминен жасалма белгилери бар 1 400 доллар табылды. Кылмыш иши козголду.