Улуттук банк насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты


Кыргызстандын Улуттук банкы насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн өзгөрттү. Оң маалымат эми 7 жылдын ордуна 5 жыл, ал эми терс маалымат 5 жылдын ордуна 2 жыл сакталат. 30 миң сомго чейинки насыялар боюнча терс маалымат бир жылдан кийин өчүрүлөт.

Мөөнөт карыз толугу менен төлөнгөн күндөн тартып эсептелет. Ал аяктагандан кийин төлөмдүн кечиктирилгени тууралуу маалымат насыя тарыхынан чыгарылат. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал учурунда милдеттенмелердин аткарылбаганы терс насыя тарыхына киргизилбейт.