Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты


2026-жылдын 31-июлунда, 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору жана Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты.

Камбаралы Конгантиев — Бишкек шаардык кеңешинин жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевдин атасы.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 2-август, жекшемби күнү саат 09:30да Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсү, 139 дарегинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имаратында өтөт.

Маркум «Ала-Арча» мамлекеттик тарыхый-мемориалдык көрүстөнүнө жерге берилет.