Президент Садыр Жапаров суудагы «Формула-1» мелдешин ачып жатып, Ысык-Көл чемпионат өткөн жер эле эмес, кайра кайтып келүүгө эңсеткен жай болушун кааларын айтты.
«Таза таймаш, татыктуу жыйынтык жана эң негизгиси, коопсуз мелдеш каалайм.
Ысык-Көл чемпионат өткөн катардагы эле жер болбостон, кайра кайтып келүүнү эңсеткен, жылуу маанай тартуулаган жайга айлансын», — деди өлкө башчы.
Ал Борбор Азия лидерлерине катышканы үчүн ыраазылык билдирип, мелдеш деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте өтүп жатканын белгиледи. Бул — суудагы «Формула-1» тарыхындагы эң бийик тоолуу этап.

