1-августка карата Кыргызстанда 1100 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 645 чакырымга көп. Анда 455 чакырым жол жаңыланган.
Республикалык маанидеги жана ички жолдордо курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жумуштар бекитилген график боюнча жүргүзүлүп, Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө турат.

