Бишкектеги «Панорамадагы» мушташ түшүнбөстүктөн улам чыккан


Бишкектин жанындагы Арашан айылындагы флагштоктун аймагында жаштардын ортосунда чыккан жаңжал боюнча милиция териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу кабар милицияга бүгүн эртең менен саат 07:50дө түшкөн. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бул факты боюнча материал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Жаңжалга катышкан жарандар териштирүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаңжалга катышкан кыздардын бири арыз жазып, окуя өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын билдирген. Ал башка катышуучуларга карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Учурда текшерүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгында мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынат.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги «Панорама» эс алуу жайында үч кыздын катышуусунда мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.

Видеонун авторунун айтымында, жаңжал белгисиз жигит кыздардын бирине карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого аракет кылгандан кийин чыккан деген маалымат айтылган. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.