Дарыгерлер бейтааныш сууларда сууга чумкуу эмне үчүн кооптуу экенин эскертишти


Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун адистери сууга баш менен секиргенде адам түбүнө, таштарга, бутактарга же суу астындагы конструкцияларга урунушу мүмкүн экенин эскертишти. Бул баштын, моюндун жана омуртканын оор жаракаттарына, эстен танууга жана чөгүп кетүүгө алып келиши мүмкүн.

Сууга атайын жабдылган жерлерде гана чумкуп, бейтааныш сууга биринчи бут менен этият кирүү керек. Көпүрөлөрдөн жана аскалардан секирбөө, сууга түшөр алдында спирт ичимдиктерин ичпөө жана балдарды кароосуз калтырбоо сунушталат.