Президент Садыр Жапаров маркумдардын сөөгүн крематорийлерде өрттөөгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Ошондой эле мыйзамдан күл салынган карапа, колумбарий жана аза күтүү дубалдары тууралуу ченемдер алып салынды.
Эми крематорийлер медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдарын жана ткандарын санитардык максатта жок кылуу үчүн гана колдонулат. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөн соң күчүнө кирет.

