Өлкөдө карын эне кызматын Кыргызстандын жарандары үчүн гана жеткиликтүү кылуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Алар Кыргызстан чет элдиктер үчүн карын энеликтин борборуна айланып баратканын белгилешкен. Алардын айтымында, бул тармак жашыруун иштегендиктен так статистика жок. Буга чейин айрым кыргызстандык аялдар алданып, келишимде көрсөтүлгөн акчасын ала албай, ден соолугу начарлаганын айтып чыгышкан.
Мыйзам долбоору аялдардын жана балдардын укугун коргоого, ошондой эле бул тармактагы мыйзамдык боштуктарды жоюуга багытталган.

