Ош шаарындагы тергөө абагынын имаратын музейге айлантуу пландалууда. Абак шаар сыртына, Отуз-Адыр айылына көчүрүлөт, ал эми бошогон имаратты музей кылуу маселеси Жазаларды аткаруу кызматы менен талкууланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, имарат тарыхый мааниге ээ. Аны 1890-жылдары Алымбек Датка менен Курманжан Датканын уулу Камчыбек кербен сарай катары салдырган.

