Баткендеги Мадыген аймагы дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык мурас катары таанылды


Баткен облусунун тоолуу Мадыген аймагы дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары таанылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул тарыхый жаңылык «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык казына» аттуу эл аралык симпозиумда талкууланды. Иш-чарада Мадыген өткөн доорлордун изин сактап калган «жаратылыштын тарыхый китеби» катары сунушталды. Симпозиумдун катышуучулары аймактын дүйнөлүк палеонтология үчүн маанисин, анын уникалдуу жаратылыш мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карап чыгышты.

Мадыген Кыргызстандын түштүк-батышында, Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Аталган тоолуу аймак өзүнүн палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары, анын ичинде миллиондогон жылдар мурда жашаган байыркы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери менен атагы чыккан.

Аймактагы Триас дооруна таандык фауна өзгөчө илимий кызыгууну жаратып, Мадыгенди дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн заңгыраган борборлорунун бирине айландырууда. Бул аймак Кыргызстандын жаратылышынын байыркы тарыхын үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачкан «жаратылыш музейи» катары бааланат.