Бүгүн, 12-августта, Кыргызстанда жер титирөө болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, магнитудасы 4,8 болгон. m.emsc.eu сайтында көрсөтүлгөндөй, жер астындагы силкинүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:14тө катталган.
Очогу Бишкектен 124 км түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 73 км түндүк-батышта жайгашкан.
Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, магнитудасы 5,1 болгон.
Казакстандын аймагында да жер титирөө сезилиши мүмкүн экени кабарланууда. Магнитуда тууралуу маалымат азырынча алдын ала.
Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту адистер тарабынан иштетилгенден кийин сезилген жер титирөөлөрдүн акыркы параметрлерин жарыялайт.
Учурда кыйроолор же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

