Уланбек Асаналиев: Президенттин айланасына биригүү – мамлекеттин айланасына биригүү


Мамлекет үчүн эң кооптуу көрүнүш пикир келишпестиктин болушу эмес. Эң кооптуусу – саясий талаштын айынан жалпы мекен, жалпы кызыкчылык жана жалпы жоопкерчилик түшүнүктөрүнүн жоголушу. Пикирлердин ар түрдүүлүгү коомду өнүктүрөт, ал эми өз ара кастык мамлекетти алсыратат. Бул тууралуу Саясий илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Уланбек Асаналиев билдирди. 

Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы саясий тажрыйбасы муну бир нече жолу көрсөттү. Бизде бийлик алмашкан сайын мурдагы жетекчилердин, алардын командаларынын жана ошол мезгилде эмгектенген адамдардын салымын жокко чыгаруу адатка айланып кала жаздады. Ар бир жаңы саясий күч тарыхты өзүнөн баштагысы келди. Натыйжада мамлекеттик өнүгүүнүн уланмалуулугу үзүлүп, коомдо «биздикилер» жана «башкалар» деген бөлүнүү күчөдү.

Бирок мамлекеттин тарыхы бир гана бийликтин же бир гана саясий топтун тарыхы эмес. Кыргызстандын эгемен мамлекет катары түптөлүшүнө, бекемделишине жана өнүгүшүнө ар кайсы мезгилдерде, ар башка кызматтарда эмгектенген миңдеген адамдар салым кошту. Алардын арасында мурдагы жана азыркы мамлекеттик жетекчилер, министрлер, депутаттар, саясий ишмерлер, ишкерлер, аскер кызматкерлери, маданият, саламаттык сактоо жана илим өкүлдөрү бар.

Президент Садыр Жапаровдун «Ырыс-Ордонун» ачылышына ар башка саясий доорлордун жана коомдук чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн чакырып, бир аянтка чогултушу ушул жагынан өзгөчө мааниге ээ. Муну жөн гана салтанаттуу иш-чаранын протоколу катары кароо жетишсиз. Бул мамлекеттин калыптанышына ар башка мезгилдерде салым кошкон адамдардын эмгегин таануунун, тарыхты саясий конъюнктурага жараша бөлүп-жарбоонун белгиси катары кабыл алынышы керек.

Саясий маданияты калыптанган коомдо бийлик менен оппозициянын бир жерде отурушу таң калычтуу көрүнүш эмес. Анткени саясий каршылаш болуу душман болуу дегенди билдирбейт. Бийликтин милдети оппозицияны жок кылуу эмес, мамлекетти башкаруу, коомдун үнүн угуу жана чечимдер үчүн жоопкерчилик алуу. Оппозициянын милдети да бийликтин ар бир кадамынан кемчилик издөө менен чектелбейт. Ал бийликти жоопкерчиликтүү болууга түртүп, ошол эле учурда мамлекеттин ийгилигине кызыкдар болушу керек.

Чыныгы саясий жетилгендик «ким кимди жеңет?» деген суроодон «Кыргызстан эмнеден утат?» деген суроого өткөндө башталат.

Президент бул жерде жөн гана учурдагы башкаруучу команданын жетекчиси эмес. Ал мамлекеттин бүтүндүгүн, бийликтин уланмалуулугун жана жалпы улуттук багытты туюнткан конституциялык институт. Ошондуктан Президент Садыр Жапаровдун айланасына биригүү анын ар бир сөзүн талашсыз кабыл алуу же сындан баш тартуу дегенди билдирбейт. Бул өлкөнүн эгемендиги, коопсуздугу, туруктуулугу жана өнүгүүсү сыяктуу негизги маселелерде жалпы мамлекеттик позицияны кармануу деген сөз.

Кыргызстанга баары бирдей ойлонгон коомдун кереги жок. Бизге ар башка пикирде болсо да, бир мамлекет үчүн жоопкерчилик тарта алган коом керек. Бийликке сын айткан адам өлкөнүн ийгилигине сүйүнө билиши зарыл. Бийлик да сын айткан жаранды автоматтык түрдө душман катары кабыл албашы керек. Саясий атаандаштык мамлекеттик кызыкчылыктын чегинен чыкпаганда гана коомдун өнүгүшүнө кызмат кылат.

Бул маселе бүгүн өзгөчө маанилүү болуп турат. Дүйнөдө мамлекеттер ортосундагы атаандаштык экономикалык же аскердик мүмкүнчүлүктөр менен гана чектелбей калды. Маалымат, коомдук маанай, ички карама-каршылыктар, тарыхый таарынычтар да таасир этүүнүн куралына айланып жатат. Мындай шартта ички бөлүнүү мамлекеттин эң алсыз жерине айланышы мүмкүн.

Сырттан келген күчтөр коомдогу жараканы дайыма эле өздөрү жаратпайт. Көп учурда алар бар болгон карама-каршылыкты күчөтөт. Түндүк менен түштүк, борбор менен аймактар, бийлик менен оппозиция, эски муун менен жаңы муун, байлар менен жакырлар ортосундагы айырмачылыктар атайылап курчутулушу мүмкүн. Социалдык тармактардын доорунда коомду майда топторго бөлүү, бири-бирине каршы коюу мурдагыдан да оңой болуп калды.

Ошондуктан ички ынтымак бүгүн жөн гана моралдык чакырык эмес. Ал улуттук коопсуздуктун, саясий туруктуулуктун жана өнүгүүнүн маанилүү шарты. Биз өзүбүздүн саясий талаштарыбызды башка күчтөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылган куралга айлантып бербешибиз керек.

Эгемендиктин отуз беш жылдык тарыхында Кыргызстан саясий тирешүүлөрдү да, бийлик алмашууларды да, экономикалык кыйынчылыктарды да башынан өткөрдү. Ошол эле учурда мамлекет сакталып калды, коом өзгөрдү, жаңы муун калыптанды. Бүгүн ошол тажрыйбадан сабак алып, мамлекеттик өнүгүүнүн уланмалуулугун камсыз кылуу өзгөчө маанилүү.

Өлкөнүн өнүгүү ыргагын сактоо үчүн бир гана президенттин чечкиндүүлүгү же өкмөттүн аракети жетишсиз. Бул жалпы коомдун жоопкерчилигин талап кылат. Саясатчылар, интеллигенция, бизнес, жарандык коом, илим жана маданият өкүлдөрү өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктары үчүн өз салымын кошууга тийиш.

Ири инфраструктуралык долбоорлорду, билим берүү менен саламаттык сактоодогу өзгөрүүлөрдү, тышкы саясаттагы ийгиликтерди кайсы бир бийликтин гана менчиги катары кабыл алуу туура эмес. Алар мамлекеттин жалпы жетишкендигине айланышы керек. Бүгүн башталган ишти эртең башка команда уланта ала турган саясий маданият калыптанмайынча, туруктуу өнүгүү жөнүндө айтуу кыйын.

Ар бир жаңы бийлик мурдагынын кылганын жокко чыгарып, кайра башынан баштай берсе, мамлекет убактысын да, каражатын да, мүмкүнчүлүгүн да жоготот. Мамлекеттик башкаруунун сапаты жаңы ураандар менен эмес, иштеген институттар, бүткөрүлгөн иштер жана кийинки муунга өткөрүлүп берилген натыйжалар менен өлчөнөт.

Ушул өңүттөн алганда, «Ырыс-Ордо» жаңы имарат гана эмес, жаңы саясий мамиленин символуна айланышы мүмкүн. Эгер бул жерде мындан ары да ар башка көз караштагы адамдар мамлекеттин келечеги тууралуу сүйлөшүп, бири-бирин угуп, жалпы улуттук маселелерде орток пикир таба алса, анын саясий мааниси архитектуралык маанисинен да жогору болот.

Мамлекеттик маселелерде сүйлөшө билүү алсыздыктын белгиси эмес. Тескерисинче, бул саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн көрсөткүчү. Бийлик өзүнө жакпаган пикирден коркпошу керек, оппозиция да бийликтин ийгилигин өзүнүн жеңилиши катары кабыл албоого тийиш. Анткени бийликтин ийгилиги, эгер ал мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылса, акыры өлкөнүн ийгилиги болуп саналат.

Биримдик бир тараптан талап кылынган тартип эмес. Ал өз ара ишенимден, жалпы жоопкерчиликтен жана мамлекеттин келечегине болгон орток кызыкчылыктан жаралат. Президент коомду бириктирүүгө умтулса, саясий күчтөр да өз амбицияларын улуттук кызыкчылыктан жогору койбоого тийиш.

Бүгүн Садыр Жапаровдун айланасында калыптанып жаткан коомдук жана саясий консолидациянын мааниси да ушунда. Анын максаты кимдир бирөөнү тарыхтан өчүрүү же баарын бирдей ойлонууга мажбурлоо эмес, ар башка күчтөрдү мамлекеттин негизги кызыкчылыктарынын айланасына чогултуу болууга тийиш.

Саясий позициялар өзгөрөт, бийликтер алмашат, муундар жаңыланат. Мамлекет болсо кала берет. Президенттин айланасына биригүү – бир адамдын айланасына тизилүү эмес. Бул мамлекеттин бүтүндүгүнүн, конституциялык тартиптин жана Кыргызстандын жалпы келечегинин айланасына биригүү. Ушундай түшүнүк коомдук аң-сезимге бекем орногондо гана ынтымак кезектеги саясий ураан бойдон калбай, мамлекеттин өнүгүшүнө кызмат кылган реалдуу күчкө айланат.