Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев мугалимдерди, окуучуларды, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь — Билим күнү менен куттуктады. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал билим берүүнү өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи, ал эми билимдүү жана демилгелүү жаштарды негизги ресурстардын бири деп атады.
Төрага жаңы мектептер менен бала бакчалар курулуп, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жаңыланып, заманбап технологиялар киргизилип жатканын белгиледи. Ал жаштарды чет тилдерди үйрөнүүгө, санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана чоң максаттарды коюудан коркпоого чакырды.

