«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы бийиктиги 4 миң 50 метр болгон аталышы жок чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген ат берүү сунушталды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, демилге ШКУнун 25 жылдыгына жана 2026-жылы Кыргызстанда уюмдун саммити өтүп жатканына байланыштуу.
Министрлер кабинетине аталыш берүү маселесин карап чыгып, үч айдын ичинде Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзам долбоорун киргизүү тапшырылды. Чокунун жаңы географиялык аталышы парламент мыйзам кабыл алгандан кийин расмий бекитилет.

