Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн Кырчын жайлоосуна келген жарандар менен конокторду ыңгайлуу, коопсуз жана ыкчам ташууну камсыздоо максатында кошумча жүргүнчү ташуучу унаалар тартылды. Бул тууралуу ДКОнун Медиа штабы маалымдайт.
Бүгүн эртең менен Чолпон-Ата шаарына 40 автобус келип, жүргүнчүлөрдү ташууга дароо киришти. Мындан тышкары, Кырчын капчыгайына дагы 10 автобус жөнөтүлөт.
Уюштуруучулар, тиешелүү кызматтар, анын ичинде ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүнчүлөрдүн топтолуп калуусуна жана транспорттун жетишсиздигине жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Автобустарга отургузуу атайын белгиленген жерлерде ыктыярчылардын жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кырчындан кайтып жаткан коноктордун автобус токтотуучу жайда көп санда топтолушуна аба ырайынын кескин өзгөрүшү себеп болгон. Жагымсыз аба ырайы автобустардын жүрүү графигине да таасирин тийгизген.
Учурда кырдаал турукташып, толук көзөмөлдө турат.
Бүгүн Кырчын жайлоосуна 150 миңден ашуун адам келди.
Келүүчүлөрдүн саны көп болгонун эске алуу менен, 3-сентябрда саат 08:00дөн тарта жүргүнчүлөрдү ташууга кошумча 50гө жакын автобус жана кичи автобус тартуу маселеси чечилүүдө.

