VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында уюштурулган ар бир облустун ордолору ачылып, конокторду кабыл ала баштады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев учурда ордолорду кыдырып, таанышып жатат.
Адылбек Касымалиев ордодо уюштурулган көргөзмө-жарманкелер, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана маданий программа менен таанышып, ар бир ордо өз облусунун маданий мурасын, каада-салтын жана кол өнөрчүлүгүн даңазалап жаткан катышуучуларга ийгилик каалады.

