Көк-бөрү боюнча мелдештердин алгачкы жыйынтыгы чыкты


Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү боюнча мелдештер башталды.

Мелдештин алгачкы күнүндө жалпы үч оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
Орусия:9 — Өзбекстан:3
Кыргызстан:15 — АКШ:7
Тажикстан:22 — Венгрия:4

Оюндун жыйынтыгы боюнча Орусия, Кыргызстан жана Тажикстан курамалары жеңишке жетишти.