Бишкек — Ош жолунун Токтогул районундагы аймагында автокырсыктан алты адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кырсык 1-сентябрда Бишкек — Ош жолунда катталып, анда үч унаа катышкан. Анын кесепетинен алты адам каза болду.
Алдын ала маалыматка ылайык, KIA K5 унаасы каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Андан соң жүк ташуучу унаа дагы бир жеңил автоунаа менен сүзүшкөн.
Кырсыктын натыйжасында KIA K5 унаасындагы айдоочу жана бир нече жүргүнчү, ошондой эле эки өспүрүм каза болгон.
Окуя боюнча териштирүү жүрүүдө

