Максат Асаналиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды


Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек 2-сентябрда Жогорку Кеңеш анын бул кызматка талапкерлигин жактырган.

Буга чейин Асаналиев башкы прокурорлукту аркалап келген. Быйыл 30-июнда кызматтан кетип, ошол эле күнү УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.