Кочкордо туугандардын ортосундагы жаңжал киши өлүмү менен аяктады


Кочкор районунун Төлөк айылында туугандардын ортосундагы жаңжал киши өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 23-августтан 24-августка караган түнү болгон.
Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалдашкандар бир тууган ага-ининин балдары экендиги такталган. Өз ара чыккан пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын жүрүшүндө 28 жаштагы К.Б. 18 жаштагы тууганы Ж.Кга бычак сайган. Анын кесепетинен ал алган жаракатынан улам каза тапкан.
Аталган факт Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү жаран кармалып, учурда камакка алынды.
Ишти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тергеп жатат.