ӨКМ Кырчындан Кыргызстандын жаранын тик учак менен Балыкчы шаарындагы ооруканага тез арада жеткирди.
Маалыматта айтылгандай, 3-сентябрда Кырчын этномаданий шаарчасында Кыргыз Республикасынын жараны ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткенине байланыштуу КР ӨКМнин мобилдик госпиталына медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Дарыгерлер жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн. Анын абалына байланыштуу тез арада медициналык жардам көрсөтүү үчүн аны Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.
Жаранды ыкчам жеткирүү максатында КР ӨКМнин тик учагы тартылган. ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жаранды Балыкчы шаарындагы медициналык мекемеге чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

