Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Аида Исмаилова кызматынан бошотулду.
Мамадалиев жаңы дайындоого чейин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментин жетектеп келген. Ал 1977-жылдын 5-декабрында төрөлгөн жана дипломатиялык кызматта көп жылдык тажрыйбага ээ.

