VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова илимий программанын негизги жыйынтыктары боюнча маалымат берди.
Министр өз сөзүндө илимий программа көчмөн цивилизациялардын тарыхын, маданиятын, салт-санаасын жана мурасын изилдөөгө, ошондой эле эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Гүлзат Исаматова программанын негизги иш-чарасы болгон «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференцияга чет өлкөлөрдөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана адистер катышканын белгилеп, анын алкагында сегиз тематикалык секцияда көчмөн элдердин тарыхы, маданияты, саясий-укуктук системалары, философиясы жана мурасын сактоо маселелери талкууланганын айтты.

Министр ошондой эле конференциянын жыйынтыгында эл аралык илимий изилдөөлөрдү улантуу, дисциплиналар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, санариптик архивдерди жана илимий маалымат базаларын түзүү, академиялык алмашууларды кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынганын маалымдады.

Мындан тышкары, конференциянын материалдарынын негизинде илимий жыйнак жарык көргөнүн белгиледи.

