VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык кызмат күчөтүлгөн тартипте иш алып барды


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун негизги аянтчаларында медициналык камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Жалпысынан ишке республикалык жана аймактык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынан 340тан ашуун медициналык кызматкер тартылды.

Оюн аянтчаларында тез медициналык жардам көрсөтүү бригадалары, медициналык пункттар, мобилдик клиникалар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын мобилдүү госпиталы уюштурулду. Кырчын аянтчасында эле 10 тез жардам бригадасы, 6 медициналык пункт жана ӨКМдин мобилдүү госпиталы иштеди.
Мобилдүү госпиталь суткасына 150гө чейин амбулатордук бейтапты кабыл алууга, 20га чейин хирургиялык операция жүргүзүүгө ылайыкталып, зарыл болгон учурда 90 стационардык жана 8 реанимациялык керебетке чейин камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

6-сентябрдын таңында алынган маалымат боюнча, 27-августтан 6-сентябрга чейин ДКОнун аянтчаларында медициналык жардам алуу боюнча 1 516 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 1 003 кайрылуу Кырчынга, 264 кайрылуу ӨКМдин мобилдүү клиникасына туура келет. Кайрылгандардын арасында 150 чет өлкөлүк жаран бар.
Жалпысынан 273 жаракат алуу учуру, жугуштуу ооруларга шектелген 99 учур жана оор же шашылыш медициналык жардамды талап кылган 101 учур катталган. 75 адам ооруканага жаткырылып, 25 бейтап андан ары медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез медициналык жардам бригадаларына өткөрүлүп берилген.
Кырчындагы мобилдүү госпиталдын иши

Бул мезгил аралыгында Кырчындагы ӨКМдин мобилдүү госпиталында 264 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 84ү — жаракат алуу, 46сы — хирургиялык, 61и — терапиялык учурлар, ошондой эле балдардын 34 кайрылуусу болгон.

Медициналык жардамдын басымдуу бөлүгү жеринде көрсөтүлгөн. Зарыл болгон учурда бейтаптар тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүлгөн.
Муну менен катар Бишкек–Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелери керебет фондунун резервин жана тармактык адистердин күнү-түнү нөөмөтүн камсыздады. Медициналык эвакуациянын бирдиктүү системасы каралып, бейтаптарды медициналык пункттан же мобилдүү клиникадан стационарга, зарыл болгон учурда республикалык деңгээлдеги адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүү камсыздалды.

Ысык-Көл районундагы стационарлардын иши
Жалпы медициналык камсыздоонун алкагында Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору да ишин күчөтүлгөн тартипте улантты. Мекеменин маалыматына ылайык, 27-августтан 4-сентябрга чейин 1 782 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 839у ДКОнун коноктору, туристтери жана катышуучулары.
Бул мезгилде 171 бейтап ооруканага жаткырылган, алардын 57си Оюндун коноктору, туристтери жана катышуучулары болгон.
Айдоочулардын ден соолугун көзөмөлдөө
Транспорт башкаруу учурундагы коопсуздукка да өзгөчө көңүл бурулду. 1–5-сентябрь аралыгында дарыгер-наркологдор үч аянтчада айдоочуларды рейске чыгар алдында 1 325 медициналык кароодон өткөрүштү. Башкарууга уруксат берилбеген учурлар катталган жок.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарындагы ЖДПБда 51 медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, анын 8 учурунда алкоголдук мас абалы аныкталды.

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан жатакана, тамактануу объектилерине жана спорттук аянтчаларга күчөтүлгөн көзөмөл уюштурулду. Бул иштерге аймактык борборлордон 80ден ашуун адис тартылды.
Спортчуларды жана Оюндун катышуучуларын жайгаштырган 20дан ашуун объект, анын ичинде мейманканалар, пансионаттар жана санаторийлер көзөмөлгө алынды. Өзгөчө көңүл тамак-аштын коопсуздугуна, кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүүгө, ичүүчү суунун сапатына жана санитардык-эпидемияга каршы талаптардын сакталышына бурулду.
Кырчын жайлоосунда өзүнчө көзөмөл жүргүзүлүп, күн сайын коомдук тамактануу жана соода объектилери, азык-түлүк зонасы, ичүүчү суу менен камсыздоо системасы, коомдук ажатканалар жана санитардык инфраструктура текшерилип турду. Ошондой эле спортчулар үчүн тамак-ашты даярдоо, сактоо, ташуу жана таратуу шарттары көзөмөлдөндү.
Лабораториялык көзөмөлдүн алкагында ичүүчү суу, тамак-аш азыктары, даяр тамактардын үлгүлөрү изилденди. Жалпысынан 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Оюндун катышуучуларынын жана конокторунун арасында массалык тамак-аштан уулануу учурлары катталган жок.

Жалпысынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыздоо күчөтүлгөн режимде уюштурулду. Бул Оюндун катышуучулары жана коноктору үчүн зарыл болгон медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.