VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөйт


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөй турганын Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнө коомчулугуна кеңири жайылтуу, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналары айтылат.
«Оюндун концепсиясы атаандаштыкта эмес, ынтымактуулукту арттырууда. Ошол себептен Оюндардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг түзүлбөйт», — деп жазылган кабарда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкекте башталып, негизги бөлүгү Ысык-Көлдө өттү. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн 3000дей спортчу катышты. Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасы уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан уз-усталар чогулуп, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүштү.