Көк бөрүгө кире албай калгандардын акчасы кайтарылат


6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү жана көкпар оюндарына билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандардын акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маалымат жыйында билдирди.

«Ким биздин санарип тутум аркылуу билет сатып алган болсо, төлөм боюнча дүмүрчөктөрүн жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек болот. Уюштуруу комитети тарабынан коюлган сумма — 1 миң сом кайтарылып берилет», — деди Мамбеталиев.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын улуттук командалары күч сынашкан. Бул оюндарды көрүү үчүн келген жарандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, тосмолорду бузуп, ат майданга кирип кетишкен.

Кийин оюндардын алып баруучулары келген бардык конокторду ат майданга киргизүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма бергенин жарыялашкан.