Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди.
“Биримдик кербени” аркылуу облустарды аралап келген көөкөргө куюлган тоо суусун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.
Эми Россия Федерациясы 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрөт.

