Бишкекке Америка жана Европадан туристтер келди


6-сентябрда Бишкекке Германиянын «Lernidee Erlebnisreisen GmbH» компаниясынын эл аралык туристтик поезди келди. Анда Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн 70тен ашык турист келди.

Темир жол вокзалында конокторду «Кыргыз темир жолу» компаниясынын өкүлдөрү тосуп алып, кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн уюштурушту. Андан соң туристтер Бишкек боюнча экскурсияга чыгып, шаардын тарыхы жана архитектурасы менен таанышты.