Чолпон-Атада жаңыланган «Чолпон» кинотеатры ачылды


Чолпон-Ата шаарындагы жаңыланган «Чолпон» кинотеатры ачылды.

Маалыматка ылайык, имаратты реконструкциялоого 1,5 млн доллар бөлүнүп, 5 заманбап кинозал түзүлүп, орундардын саны 310го жеткирилди.

Ошондой эле 4K жабдуулары жана жаңы жылытуу системасы орнотулду.