Айдарбек Кочкунов: “Борбордук Азиядагы тарыхый процесстер «Манас» эпосунда чагылдырылган”
«Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында Кыргыз-Россия Славян университетинин тарых илимдеринин доктору, профессору Айдарбек Кочкунов Борбордук Азиядагы көчмөн элдердин мамлекеттүүлүгүнүн контекстинде «Манас» эпосунун келип чыгышынын тарыхый негиздерине арналган изилдөөсүн сунуштады.
Докладда биздин заманга чейинки III кылымдын аягынан биздин замандын X кылымына чейинки мезгилде Борбордук Азияда жүргөн тарыхый процесстер менен эпостун байланышы каралды. Анын ичинде хунн, жужан, түрк жана кыргыз доорлору камтылды. Окумуштуунун пикиринде, ошол мезгилдердеги саясий бирикмелер, аскердик окуялар, көчүүлөр жана этностор аралык байланыштар эпикалык мураста өз чагылышын тапкан.
Өзгөчө көңүл «Манас» эпосунун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы менен өз ара байланышын изилдөөгө бурулду. Изилдөөчү эпосту өз алдынча тарыхый булак катары кароого болбой турганын, бирок андагы маалыматтар жазма тарыхый булактар жана башка маалыматтар менен салыштырылганда илимий мааниге ээ болорун белгиледи.
Ошондой эле эпостун хунн жана жужан доорлоруна байланышкан байыркы тарыхый катмарлары, ошондой эле Түрк каганаттарынын таасири каралды. Кочкуновдун пикиринде, VI–VIII кылымдардагы окуялар жана кыргыз урууларына байланышкан тарыхый процесстер «Манастын» айрым сюжеттеринде жана образдарында чагылдырылышы мүмкүн.
Окумуштуу «Манастын» калыптанышы узак жана динамикалуу процесс болгон деген тыянакка келди. Эпостун тарыхый негиздери биздин заманга чейинки III кылымдын аягына барып такалат жана кийинки тарыхый окуялардын таасири астында өнүгүп келген. Ошол эле учурда эпос кыргыз элинин тарыхынын ар кандай этаптарында өзгөрүп, жаңы мазмундар менен толукталып турган.
Жыйынтыгында Айдарбек Кочкунов эпостун бардык варианттарын мындан ары комплекстүү изилдөө жана тарыхчылар, археологдор, этнологдор жана башка адистердин катышуусунда дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

