Көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи


Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралганын белгиледи.

“Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз!” — деди маалымат катчы.