Кабардин-Балкардын тоолорунда кар көчкү жүрүп, 11 альпинист көз жумду


Бул тууралуу Россия ӨКМинин аталган республика боюнча башкармалыгы билдирди.

Дагы алты альпинисттин дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Топто жалпы 33 киши бар экени айтылды.
Көчкү Безенги капчыгайындагы тоодон түшүп, альпинисттерди басып калган.
Куткаруучулар издөө иштерин улантууда.