Бишкек шаардык сотунда бүгүн 10-сентябрда “75чилер каты” боюнча сот өкүмү чыкты.
Белгилей кетсек сот жабык режимде каралды. Сот чечими окулуп жаткан учурда да журналисттер залга киргизилген жок.
Ал эми Талгарбековдун жактоочусу бийликти басып алуу тууралуу берене жокко чыгарылып, 195-беренеге («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») кайра квалификация болгонун билдирди.
Анын айтымында, сот айыпталуучуларды 195-берене боюнча күнөөлүү деп тапкан. Натыйжада сот сегиз адамга карата эки жылдык пробация жазасын колдонгон.
7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди, коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.
Судья айыпталуучуларды “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актап, баарына үч жылдык пробациялык жаза берген жана айыпталуучулар эркиндикте калган.
Өкүмдө сегиз кишинин мүлкү мамлекетке алынары да жазылган.

