Залкар обончу Рысбай Абдыкадыровго каза болгондон кийин «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды


Залкар обончу Рысбай Абдыкадыровго каза болгондон кийин «Эмгек Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Белгилүү кыргыз ырчысы, аткаруучу жана композитор-обончу Рысбай Абдыкадыровго каза болгондон кийин «Эмгек Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик сыйлык Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.