Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын спортчуларына мамлекеттик желек тапшырылды.
Агенттиктен билдиришкендей, желекти спортсмендерге агенттиктин директору Урмат Асанбаев тапшырды.
Ал эми Кыргызстандын курама командасынын капитаны болуп бокс боюнча балбан Мырзакир Кошалиев тандалып, мамлекеттик желекти кабыл алды.
Азия оюндары 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Япониянын Нагоя шаарында өтөт.

