Бугүн республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын, Талас аймактарында +22…+27 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +31…+33, ал эми Чолпон-Атада +17…+10 градус болот.

