Бишкекте скутер айдоочусун сүзүп кеткен бусиктин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-июнда Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсүндө болгон. Каргашадан кийин скутердин айдоочусун дагы эки унаа — Sprinter жана Porter тебелеп кеткен.
Кырсык болгон учур видеого түшүп калган. Маркумдун жубайы Алтынай Жалмамбетованын айтымында, бусиктин айдоочусу кырсыктан кийин жардам көрсөтпөстөн, жол четинде туруп, аркасынан келген эки унаанын скутер айдоочусун тебелеп кеткенин карап турган.
Анын маалыматына караганда, Sprinter жана Porter унааларынын айдоочулары окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинчерээк алар табылган. Ал эми иштин негизги фигуранты тергөөдөн качып жүрүп, издөө башталгандан кийин гана суракка келген.
Кайгуул милициясынын маалыматына ылайык, факты боюнча кылмыш иши козголгон. 34 жаштагы М.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

