Новопокровка айылында кошунасынын ити талап салган 44 жаштагы киши ооруканада дарыланууда. Анын учурдагы абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.
Окуя 12-сентябрда болгон. Социалдык тармактарда жабыркаган кишини тез жардам унаасы алып кетип бара жаткан видео тараган. Облустук милициянын маалыматы боюнча, жаранды кошунасынын ротвейлер породасындагы ити талап салган.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, 44 жаштагы бейтап ошол эле күнү Чүй облустук жалпы дарыгерлик практика борборуна (Кант шаары) жеткирилген.
“Анын эки билегинде жана балтырларында көптөгөн жарааттар, ошондой эле көкүрөк тушунда көгала жана сыйрылган жерлер болгон. Жарааттары бир аз сезгенген. Учурда бейтап травматология бөлүмүндө дарыланууда, абалы туруктуу”, — деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон бейтапка кутурмага каршы вакцина эки ирет сайылып, АДС-М эмдөөсү жасалганын кошумчалашты. Ошондой эле ага антибиотиктер менен дарылоо курсу дайындалган.
Милиция аталган факт каттоого алынганын жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын маалымдады.

