Бүгүн республикада тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Таласта +17…+22 градус, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +13…+18 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градуска жетет.

