30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында республикалык «Жаш булбул» айтышы өтөт. Айтыш Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Айтыштын негизги максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн кеңири жайылтуу, жаш таланттарды колдоо жана алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө шарт түзүү. Өлкөнүн ар аймагынан келген жаш төкмө акындар тандоо турунда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, финалдык айтышка жолдомо үчүн күч сынашат.
Тандоо туру 18-сентябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын концерттик залында өтмөкчү. Тандоо турунун жыйынтыгында финалга өткөн жаш акындар аныкталат.
Финалдык айтыш 26-сентябрда өтөт.

