1-октябрдан тарта Юстиция министрлиги «Электрондук нотариат» тиркемесине дагы сегиз кызматты кошот, ал эми 1-декабрдан дагы төрт кызмат киргизилет. Натыйжада 21 нотариалдык кызматты аралыктан алууга мүмкүн болот.
Онлайн түрдө баланын чет өлкөгө чыгуусуна макулдук, паспорт алуу жана жашаган жерге катталуу боюнча документтерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, мураска, турак жай жана автоунаа сатып алууга байланыштуу ишеним каттарды тариздөөгө болот. Электрондук документтер кагаз түп нускасы менен бирдей юридикалык күчкө ээ болуп, «Түндүк» тиркемесинде да автоматтык түрдө көрүнөт.

